Кыргызстан менен Франция транспорт тармагындагы кызматташтыгын арттырат
Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай баштаган делегация менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар автомобиль жана темир жол куруу жаатында кызматташууну талкуулашты жана өз ара пайдалуу демилгелерге даяр экендиктерин билдиришти.
Кыргыз тарап Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун жана Барскоон – Бедел – Үч-Турпан жолунун курулушу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканын маалымдады.
Жол курулуш долбоорлору акыркы жылдары мамлекеттик бюджеттен каржыланып жатканы баса белгиленди.
Жолугушууда Франциянын элчиси Николя Фай Кыргызстанда бардык багытта өнүгүү орун алып, экономикасы өсүп жатканын белгилеп, транспорт тармагы боюнча франциялык тажрыйбалуу компаниялар кызматташууга даяр экендигин билдирди.