Төрөбаев: 10 айда айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомду түздү

 Төрөбаев: 10 айда айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомду түздү

2025-жылдын 10 айында Кыргызстанда айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго жетип, өсүү темпи 102 пайызды түздү, – деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнор жайы министри Бакыт Төрөбаев Кара-Суу районунда пахта станциясынын жаңыдан оңдолгон имаратынын ачылышында.

Ведомстводон маалымдашкандай, ошондой эле министр кайра иштетүү тармагында 133,6 пайыз өсүш катталганын белгиледи.

Ал белгилегендей, өлкөнүн бир катар райондорунда помидор, пияз, калемпир жана картошкадан дүйнөлүк жана улуттук рекорддорго тете түшүм алынды.

“Экспорт багытында да олуттуу жылыштар болду: биринчи жолу беденин үрөнү Россияга, ашкабактын үрөнү Японияга жөнөтүлүп, жалпы 60тан ашык продукция 80ден көп өлкөгө экспорттолууда. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо күчөтүлүп, дыйкан-фермерлерге 10,3 млрд сом жеңилдетилген насыя, лизинг аркылуу 2 069 айыл чарба техникасы берилди”, – деди ал.

Ошондой эле өлкө боюнча ирригация системасын жакшыртуу максатында 541 чакырым канал, 588 гидротехникалык курулма, 91 насостук станция жана башка объекттер оңдолуп, дыйкандарга 5 млрд метр куб суу жеткирилди.

Мындан тышкары, быйыл 25 шаар жана 601 айылда таза суу долбоорлору ишке ашып жатканы, ветеринария секторуна 293 млн сом багытталып, бир катар лабораториялардын жана имараттардын курулушу башталганы айтылды.

Связанный пост