Жыл аягына чейин 250 соцобъект пайдаланууга берилет

 Жыл аягына чейин 250 соцобъект пайдаланууга берилет

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жыл аягына чейин 250 социалдык объектини пайдаланууга берүүнү пландоодо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө курулуш министринин орун басары Талант Иманакунов билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда 651 объектинин курулушу активдүү уланууда. “422 объектиде курулуш иштери жүрүп жатса, ал эми калгандары долбоорлоо стадиясында. Быйыл курулуш тармагына 14,5 млрд сом бөлүнгөн, мындай сумма өткөн жылга салыштырмалуу 2 млрд сомго көп. Бул экономиканын өсүп жатканын жана өлкө жарандарга шарттарды түзүү боюнча активдүү кадамдарга бара баштаганынан кабар берет”, – деди ал.

Курулуш министринин орун басары белгилегендей, буга чейин Эгемендүүлүк күнүнө карата 100 социалдык объект пайдаланууга берилген.

“Бүгүнкү күндө дагы 207 объектинин курулушу аяктады. Алардын ичинен 110 мектеп, 33 бала бакча, 12 ден соолукту чыңдоочу объект, 14 спорт объект, 10 маданият объектиси жана 28 ар кандай багыттагы объектилер”, – деди Иманакунов.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост