Жыл башынан бери Кыргызстанда инфляция 7,3 пайызга жетти
Бүгүнкү күндө күйүүчү-майлоочу май рыногундагы оор абал маанилүү фактор бойдон калууда, — деди Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков бүгүнкү брифингде.
Ал белгилегендей, бул абал биринчи кезекте Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунда жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу импорттолуп жаткан күйүүчү-майлоочу майдын наркынын өсүшүнөн улам түзүлүүдө.
“Мисалы, Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрына карата бензиндин баасы 17,3 пайызга, ал эми дизелдин баасы 13,4 пайызга өскөн. Кызмат көрсөтүүлөр жана азык-түлүк эмес товарлар сегментинде баалардын бир аз тездеши байкалууда, бул жогорку суроо-талаптын жана күйүүчү-майлоочу майдын баасынын өсүшүнүн кыйыр таасирин чагылдырат. Ошентип, Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын башынан 14-ноябрга карата инфляциянын көрсөткүчү 7,3 пайызды түздү. Ошол эле күнгө карата жылдык инфляция 8,9 пайызга жетти”, — деди ал.
Мындан тышкары, ал Улуттук банк тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын аркасында, Кыргызстандагы инфляция 2025-жыл ичинде аймактагы өлкөлөргө салыштырмалуу орточо деңгээлде калганын белгиледи. Азат Козубеков эң туруксуз товарлардын наркын эсепке албаганда, базалык инфляция максаттуу диапазондо сакталып калганын кошумчалады.