Жыл башынан бери Улуттук банк 590,5 млн долларлык 6 интервенция жасады
Кыргызстандын экономикалык активдүүлүгү жогорку деңгээлде уланууда, 2025-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукция 10 пайызга жетти, – деди Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков брифингде.
Анын айтымында, өсүү экономиканын дээрлик бардык тармактарында катталды. Ички суроо-талап дагы жогору бойдон калууда, бул эмгек акылардын реалдуу өсүүсүн шарттайт.
“Кыргызстандагы реалдуу эмгек акынын өсүшү, башкача айтканда, инфляцияны эске алганда 10,9 пайызды түздү. Ошону менен бирге, акча которуулардын өсүшү 24,1 пайыз деңгээлинде болду. Улуттук банк биринчи кезекте экономикадагы акча сунушун колдо болгон инструменттер аркылуу активдүү жөнгө салууну улантууда”, — деди ал банктын чаралары жөнүндө айтып жатып.
Козубеков белгилегендей, ички валюта рыногу туруктуу бойдон калууда, ал эми алмашуу курстарынын ийкемдүүлүгү рынок шартына ылайык сакталууда.
“Ушул жылдын башынан бери алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн жөнгө салуу максатында Улуттук банк жалпы суммасы 590,5 млн долларды түзгөн алты интервенция өткөрдү. Бирок бул интервенциялар менен катар октябрдын аягына карата эл аралык резервдердин көлөмү өсүүнү улантып, 7,96 млрд долларга жеткенин белгилей кетүү керек”, – деп билдирди Улуттук банктын төрагасынын орун басары.