Адылбек Касымалиев “Торугарт” бекетинин иши менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү пунктунун жана “Торугарт-1” көмүр тилкесинин иши менен таанышты.

Алгач министрлер кабинетинин төрагасы “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү пунктунун жаңы оңдоодон өтүп, ишке берилген жөө жүргүнчүлөрдү тейлөө пунктунун абалы менен таанышты. Андан соң, “Чатыр-Көл” чек ара кызматынын бөлүмчөсүнө кирип, аскерлердин жашоо шартынан кабар алды.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев ушул жылдын 12-ноябрында ачылып иштеп жаткан “Торугарт-1” көмүр тилкесине барды.

Белгилей кетсек, “Кыргызкөмүр” ачык акционердик коому Ат-Башы районунда жайгашкан “Торугарт-1” көмүр кесиминен  557,6 га жер аянтын чалгындоого  лицензия алган. Бүгүнкү күндө 25 га жер аянтында көмүр бар экендиги аныкталып, жалпы запасы 423,4 миң тонна катары бааланууда.

Аталган жерден бүгүнкү күндө 10,0 миң тоннага жакын көмүр отуну өндүрүлгөн.

Минкаб башчысы “Торугарт-1” көмүр тилкесинин ишин жигердүү алып барып, тез аранын ичинен экспортко чыгуу тапшырмасын берди.

Связанный пост