БШК шайлоочулардын тизмесин жарыялады

 БШК шайлоочулардын тизмесин жарыялады

БШК мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону утурлай шайлоочулардын тизмесин жарыялады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмеси “Тизме” https://tizme.gov.kg/ порталында жайгаштырылды.

Тизме Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган маалыматтардын негизинде президенттин Иш башкармалыгынын алдындагы “Кызмат” мамлекеттик мекемеси тарабынан түзүлдү.

Шайлоочулардын биротоло тизмелери 25-ноябрга чейин 2492 шайлоо тилкелеринде илинет.

Тизмеге 4 млн 294 миң 243 шайлоочу кирди:

  • эркектер – 2 млн 81 миң 514, же 48,47%;
  • аялдар – 2 млн 212 миң 729, же 51,52%.

Жашы боюнча:

  • 18 жаштагылар – 104 миң 693, же 2,44%:
  • 19-35 жаштагылар – 1 млн 707 миң 851, же 39,77%
  • 36-45 жаштагылар – 923 миң 975, же 21,52%
  • 46-55 жаштагылар – 650 миң 851, же 15,16%
  • 56-65 жаштагылар – 528 миң 771, же 12,31%
  • 66 жаштан жогоркулар – 378 миң 102, же 8,80%.

Шайлоочулар тизмеден өздөрүн төмөнкүдөй жолдор менен тактаса болот:

  • 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
  • шайлоо тилкесине барып;
  • “tizme.gov.kg” сайтында;
  • же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо тилкесинин номери менен дарегин ала алат. SMS жана чалуулар акысыз.

Связанный пост