Кыргызстан менен Улуу Британиянын экономикалык кызматташтыгы талкууланды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттарын, анын ичинде соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, инвестициялык өз ара аракеттенүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана туруктуу өнүгүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экендиктерин билдиришти.