Данияр Шейшеканов Ноокат районунун акими болду
Шейшеканов Данияр Турдубекович Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койду.
Шейшеканов Данияр Турдубекович 1982-жылдын 6-августунда Бишкек шаарында туулган. Улуту кыргыз. Билими жогорку.