ЖККУнун башкы катчысы “Достук” ордени менен сыйланды
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы – “Достук” ордени менен сыйланды.
Сыйлык бүгүн президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда тапшырылды.
Аталган сыйлык мамлекеттер аралык коопсуздукту жана достукту чыңдоого кошкон эмгегин жана олуттуу салымын таануу иретинде берилгендиги белгиленди.