АӨБ Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн 300 млн доллар бөлөт
Азия өнүктүрүү банкы Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн 300 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу аталган банктын президенти Масато Канда маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы ири инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун толугу менен колдойт.
“Азия өнүктүрүү банкы бул көп тараптуу өнөктөш болуу менен бирге, Кыргызстандын энергетика тармагын да активдүү колдоп келе жатат. Камбар-Ата-1 ГЭСинин стратегиялык маанисин терең түшүнөбүз. Ал ГЭС электр энергиясын өндүрүүдө гана эмес, суу менен камсыздоодо да чоң роль ойнойт. АӨБ бул ири долбоорду ишке ашырууга 300 миллион доллар бөлөт. Анын алгачкы бөлүгү – 140 миллион доллар жакын арада берилет. Биз Кыргызстандагы энергетика секторун жана кайра калыбына келүүчү энергия багытындагы инновациялык чечимдерди колдоого ар дайым даярбыз”,-деди ал.
Канда кошумчалагандай, бул долбоорлор энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу менен катар, суу ресурстарын рационалдуу пайдаланууга жана коңшу Өзбекстан менен Казакстан мамлекеттеринин суу коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзөт.