Президент: Чет элдиктерди көзөмөлдөөгө мамлекеттин толук күчү жетет
Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга, айрыкча кытайлык жумушчуларга байланышкан талкуулар шайлоо алдындагы атайын уюштурулган чагымчылдык экенин билдирди. Ошондой эле мамлекет башчысы Кыргызстанда чет элдик жумушчуларга карата көзөмөл толук кандуу жүрүп жатканын айтты.
— Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич. Актуалдуу маселелер боюнча сизден комментарий алуу үчүн кайрадан кайрылып жатабыз. Учурда социалдык тармактарда кыргыз-кытай алакасы боюнча талкуулар күчөдү. Негизинен буга Чүй облусунда кыргыз жаранынын чет элдиктер тарабынан сабалышы себеп болгондой. Өлкөбүздө ар кыл тармакта иштеп жаткан чет өлкөлүктөргө болгон көзөмөл жетиштүү элеби?
— Биринчиден, ачык айтышыбыз керек, бул провокация болуп жатат.
Шайлоого жакын бир нерсе уюштуралы деген чагымчыл топтор бар. Алардын баарын билебиз. Азырынча сыртынан көз салып гана турабыз. Эгер катуу кетип бара жатышса, камалышат. Анан “Бизди жөн эле камап салышты” деп кыйкырып чыгышат.
Башка шылтоолору жок, болгону электр энергиясы менен кытайлар.
Электр энергия боюнча кенен маалымат берсем тынчып калышты эле.
Эми экинчи көйгөй катары кытайларды көтөрүп чыгып жатышат.
Турмушта баары болот. Бишкектин көчөлөрүндө деле эки кыргыз жол талаша кетип, күндө мушташ болуп жатпайбы, соцтүйүндөрдөн көрүп эле жатабыз го баарын. Турмуш-тиричиликтеги мындай талаш-тартышты эки өлкөнүн проблемасы катары жогорку деңгээлге чейин көтөрүштүн кереги жок.
Экинчиден, албетте, чет өлкөлүктөрдү жетиштүү түрдө эле эмес, ашыкча да көзөмөлдөөгө күч жетиштүү. Мыйзам бузган же визасынын мөөнөтү өтүп кеткен чет өлкөлүктөрдү керек болсо бир күндө тазалап салсак болот.
Бирок, азыр мамлекеттин алдында андай муктаждык жок.
Кечээги окуядан кийин Кытайдан чоң-чоң долбоорлор боюнча келип, иштеп жаткан чет өлкөлүктөргө: “Жергиликтүү калк менен ынтымакта болгула, долбоорлор бүткөнчө бири-бириңерге сый-урмат менен мамиле кылгыла” деп катуу эскертүү бердик.
Долбоорлор бүткөндөн кийин алар Кыргызстанда бир күн да калбайт. Жумушчу визалары бүтөт. Бизде Кытай менен виза режими бар. Визасыз бир дагы кытай Кыргызстанга кире албайт.
Ошондуктан жергиликтүү калк да кылдат мамиле жасашы керек. Башталып калган бардык кылым долбоорлорубуз бүтүп кетсин.
Ансыз деле бул жолдун салынбай калышына кызыкдар күчтөр көп. Көптөгөн каршылыктар болуп, бул жолду “тирүүнүн тозогу” менен араң баштадык.
Бул жол башка бирөөлөргө эмес, келечекте бизге, Кыргызстанга керек. Керек болгондо да, аба менен суудай керек.
— Буга чейин бир катар чиновниктер өлкөдө кытайлык жарандардын көп болушун ири Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталганы менен түшүндүрүштү. Бул жолду деле, башкасын деле өзүбүз эле салсак болмок дегендер бар. Негизи эле сырттан жумушчу күч чакырбай долбоорлорду ишке ашыра алабызбы?
— Кыргызда “Жылкыңа ченеп ышкыр, алыңа карап бышкыр” деген жакшы сөз бар.
Темир жолду биякка коелу, биздин компаниялар Нарын шаарынын ички жолдорун тыңгылыктуу асфальттай албай койду. Анан биздин компаниялар үчүн тоо тешип, темир жол салабыз дегени күлкүлүү болот.
4 жыл мурда Ысык-Көлдүн түштүк жагындагы Балыкчы – Барскоон жолун кыргыз компанияларына бергем. Эмдигиче бүтүрө албай жүрүшөт.
Бир жолу текшерип барсам, жумушчулар аз. Жумуш жай жүрүп жатыптыр. Эмнеге десем, “Эмгек акы алышкандан кийин ушундай үч-төрт күн жок болуп кетишет” дейт. Мындай кемчилигибизди моюнга алышыбыз керек.
Ал эми Ысык-Көлдүн түндүк жагында Корумду – Балбай жолунун курулушун былтыр эле “Чайна-Роуд” компаниясы утуп алып, иш баштады эле. Бир сезондо асфальт басып, бүтүрүп коюшту.
Эгер Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун өзүбүз курабыз десек, анда 30 жылда да бүтпөйбүз.
Ооба, биз өзүбүз Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун салып жатабыз. Бирок, бул жол түз жерге салынып жатат. Биздин адистер азырынча бул жолду салууда тажрыйба топтоп, үйрөнүп жатышат.
Мындан сырткары, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунда да биздин адистер аралашып иштеп жүрүшөт. “Үйрөнгүлө” деп атайын аралаштырдык, үйрөнүп, тажрыйба топтоп жатышат. Кийин өзүбүздүн адистер пайда болгондо анан “өзүбүз курабыз” деп кыйкырып чыксак жарашат. Азырынча эрте.
Анын үстүнө бизде технология да жетишсиз. Тоо теше турган, тоолордун арасына көпүрөлөрдү сала турган жана башка заманбап техникаларыбыз жокко эсе.
— Рахмат, жоопторуңузга.
— Силерге да рахмат.
Маектешкен Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев