Өлкөдө 8 миңден ашуун бош жумуш оруну бар

 Өлкөдө 8 миңден ашуун бош жумуш оруну бар

Быйылкы жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча учурда өлкөдө 8 миңден ашуун бош жумуш оруну бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Садаткүл Мукамбетов “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул жумуштарга орношуу үчүн министрликке кайрылуу жетиштүү. Бүгүнкү күндө чач тарач, ашпозчу, ширетүүчү, тигүүчү, бухгалтер, котормочу жана айдоочу кесиптерине суроо-талап жогору.

“Аталган кесиптер боюнча атайын кыска мөөнөттүү окутуулар уюштурулган. Кесиптик лицейлер менен келишимдин негизинде жумуш издеген жарандарды акысыз окутуп, окуу соңунда сертификат берилет. Окуу чыгымдарын мамлекет көтөрөт. Окутуунун баасы 4600 сом. Мындан сырткары мамлекет жол кире катары 360 сом да төлөп берет, – деди Мукамбетова.

Ал белгилегендей, мындан тышкары, министрликте акы төлөнүүчү коомдук жумуштар да каралган. Анда иштеген жарандар аткарган жумушуна жараша орточо 1 миң 800 сом алышат.

“Бул сумма чоң болбосо да, мамлекет тарабынан колдоо катары каралат”, – деп кошумчалады адис.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост