Бишкекте электр энергиясын колдонуу кыскарды

 Бишкекте электр энергиясын колдонуу кыскарды

“Тынчтык мыйзамы” сакталганы үчүн шаарда электр энергиясын колдонуу 9 млн 735 миң кВт саатка чейин кыскарды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Калаа башчысынын айтымында, Бишкек шаары үчүн электр энергиясын колдонуу ченеми 10 млн 45 миң кВт саатты түзөт. Бирок, 13-ноябрга чейин бул көрсөткүч 11 млн 133 миң кВт саатка чейин жетип, ченемден ашып кеткен.

“13-ноябрда биз тамактануучу жайларда рейд өткөрдүк. Бул иш-чара “Тынчтык мыйзамынын” аткарылышын текшерүүгө багытталган. Түшүндүрүү иштеринен кийин электр энергиясы колдонуу байкаларлык кыскарды. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч суткасына 9 млн 735 миң кВт саатты түзүп, шаар буга чейин болбогон деңгээлге жетти”,- деди мэр.

Ал кошумчалагандай, мындай жыйынтыкка жетиш үчүн түшүндүрүү иштерин мындан ары да улантуу зарыл.

“Ири масштабдагы иш-чараларды дагы 19:00дө баштап 22:00дө бүтүрүүгө болот. Күн мурун болгон кичи аренадагы концертти мисалга алсаңар болот. Тамактануучу жайлар ишмердүүлүгүн улантышса болот. Бирок, алар дагы мүмкүн болушунча электр энергиясын үнөмдөөгө аракет кылышы керек. Акимдер бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө”,- деди калаа башчысы.

Связанный пост