Кыргызстанда жылына 10 миңден ашык ымыркай ара төрөлөт

 Кыргызстанда жылына 10 миңден ашык ымыркай ара төрөлөт

Кыргызстанда жыл сайын 10 миңден ашуун бала мөөнөтүнө жетпей (ара) төрөлөт. Мындай статистиканы Эне жана баланы коргоо улуттук борбору келтирди.

Оорукананын маалыматы боюнча, мөөнөтүнөн эрте төрөлгөн ымыркайларды багуу абдан кымбатка турган жана татаал процесс. Алардын жашоосу алгачкы күндөрдө жогорку технологиялык медициналык жардамга, адистердин квалификациясына жана коомдун колдоосуна түздөн-түз көз каранды.

Борбор белгилегендей, 2004-жылдан бери Кыргызстан толугу менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сунуштаган жаңы төрөлгөн ымыркайларды каттоо критерийлерине өткөн.

Бул критерийлерге ылайык, кош бойлуулуктун 22-жумасынан кийин төрөлгөн жана салмагы 500 граммдан ашкан балдар катталат. Мындай балдардын ата-энелери сапаттуу дарылоого жана материалдык колдоого гана эмес, медициналык кызматкерлердин жана жалпы коомчулуктун психологиялык жардамына да муктаж.

Связанный пост