Учурда кант кызылчасы 85 пайыз жыйналды
Бүгүнкү күнгө карата кант кызылчасы 85,9 пайыз жыйналып, 431,7 миң тонна продукция алынган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, республика боюнча кант кызылчасы 13 миң 400 гектар жерге айдалган. Мында 500 гектар Талас облусунда, 50 гектар Ысык-Көл облусунда, калганы Чүй облусунда айдалган.
“Кыргызстанда өстүрүлгөн жалгыз өсүмдүк кант кызылчасын дыйкандар 100 пайыз кепилдиги менен айдашат. Бизде “Кошой” жана “Кайыңды Кант” заводдору бар. Алар жыл башынан баштап кызылча айдайм деген дыйкандар менен келишим түзөт. Ошол келишимдин негизинде завод дыйкандарга үрөн, отоо чөптөргө каршы дарысын берет. Ошонун негизинде күзүндө кызылчаны толугу менен заводдор сатып алышат. Дыйкандар түзүлгөн келишимдин негизинде төккөн түшүмүнүн 30 пайызын акчалай, 70 пайызын кумшекер түрүндө алышат”,- деди Идрисов.
Белгилүү болгондой, эки завод күнүнө 16-17 миң тоннадан кант кызылчасын кабыл алышууда. Эки заводду кошкондо бир суткада кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү 6-6,5 миң тонна экендиги кошумчаланды.