Данияр Амангелдиев Араван районунун 90 жылдыгына арналган салтанаттарга катышты
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Араван районунун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чараларга катышып, жаңы өндүрүштүк ишканалардын пайдубалына капсула салуу аземинде сөз сүйлөдү.
Данияр Амангелдиев өз сөзүндө мааракенин тарыхый маанисин белгилеп, аравандыктардын эмгекчилдигин, биримдигин жана бай маданий мурасын баса белгиледи.
«Араван жеринин башкы байлыгы – анын тургундарынын эмгеги жана биримдиги. Бүгүн бул жерде эмгектин, берекенин жана ынтымактын майрамы», – деп белгиледи ал.
Президент Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин атынан Данияр Амангелдиев райондун тургундарын мааракеси менен куттуктап, мындан аркы гүлдө өнүгүүнү каалады.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары бул күнү Араван району бир эле учурда үч маанилүү окуяны белгилеп жатканын белгиледи:
- Райондун 90 жылдык мааракеси.
- Тогуз социалдык жана инфраструктуралык объектинин ачылышы.
- Жеңил жана курулуш өнөр жайынын тогуз жаңы заводун камтыган индустриалдык-өнөр жай зонасынын негизине капсула салуу.
Данияр Амангелдиевдин айтымында, индустриалдык зонаны түзүү райондун экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, инвестиция тартуу жана жумуш орундарын түзүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Данияр Амангелдиев өз сөзүндө жаңы өнөр жай аймактарын өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурду.
«Бул тогуз долбоорду ишке ашыруу жүздөгөн жаңы жумуш орундарын түзөт, райондук бюджеттин киреше базасын кеңейтет жана калктын жыргалчылыгын жогорулатат», – деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.
Данияр Амангелдиев өкмөттүн негизги максаты – өлкөнүн ар бир аймагы өзүнүн экономикалык мүмкүнчүлүгүн пайдаланышы, өзүн-өзү камсыз кылуучу жана экспортко багытталган өндүрүш борбору болушу үчүн бардык шарттарды түзүү экенин баса белгиледи.
«Аймактар өнүкмөйүнчө, өлкө дагы өнүгө албайт. Индустриалдык зоналар – бул аймактардын экономикалык өзөгү жана элдин бакубаттуулугун жогорулатуунун негизи», – деп сөзүн жыйынтыктады ал.