Бириккен товар өндүрүүчүлөр 91,5 млн сом жеңилдетилген насыя алышты

 Бириккен товар өндүрүүчүлөр 91,5 млн сом жеңилдетилген насыя алышты

23-октябрга карата бул “Бириккен товар өндүрүүчүлөрүн каржылоо” долбоорунун алкагында республика боюнча 91,50 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилди.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, жеңилдетилген насыя 14 каржылоо субъекттерине берилди.

Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 2 млрд 200 млн сом суммасын түзөт.

Белгилей кетсек, долбоор майда товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында министрлер кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы тескемеси менен бекитилген.

Связанный пост