Адылбек Касымалиев: Кыргыз-россия мамилелери ырааттуу түрдө чыңдалып жатат

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын 26-жыйыны тар чөйрөдө өттү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун жетекчилигинде Россия Федерациясынын делегациясына салам жолдоп, жыйын эки өлкө ортосунда түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюлганынын 25 жылдыгына карата өтүп жатканын белгиледи.

“Лидерлерибиздин мыкты саясий эркинин аркасында кыргыз-россия мамилелери ырааттуу түрдө чыңдалып, кызматташтык жаңы мазмун жана жаңы багыттар менен байып жатат. Россия – Кыргызстандын ишенимдүү союздашы жана стратегиялык өнөктөшү. Биздин элдерди кылымдарды карыткан достук, руханий жана маданий жакындык, коңшулаштык жана өз ара сыйлашуу байланыштырып тураарын дайыма айтып, белгилеп келебиз. Лидерлерибиздин жолугушууларынын жыйынтыгы боюнча жетишилген бардык макулдашууларды өз убагында аткаруу – биздин башкы милдетибиз жана өкмөттөрүбүздүн милдети”, – деди Адылбек Касымалиев.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү ырааттуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Россия тарабы биргелешкен демилгелерди мындан ары да өнүктүрүүгө жана учурдагы долбоорлорду колдоого даяр экендигин билдирип, оң динамиканы сактоонун жана биргелешкен практикалык иштин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга берилгендик баса белгиленди.

Жыйындын жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.

Связанный пост