Кыргызстан менен Япониянын кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

 Кыргызстан менен Япониянын кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэкини дипломатиялык миссиясынын аякташы боюнча кабыл алды.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр Кулубаев элчи Годага эки өлкө ортосундагы өз ара ишенимге жана урматтоого негизделген эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү жемиштүү ишмердүүлүгү жана жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге, Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы саясий диалогду, экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Министр ошондой эле Япония тарапка көрсөтүлүп жаткан техникалык жардам жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруудагы колдоосу үчүн рахмат айтты.

Өз кезегинде элчи Года Хидэки Кыргызстан тарапка кызматташтык жана иш учурунда көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эки өлкө ортосундагы мамилелер мындан ары да бекемделип, кеңейе берет деген ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы мамилелердин актуалдуу маселелерин жана эл аралык уюмдардын алкагындагы көп тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр Кулубаев элчи Годага мындан аркы кесиптик ишинде ийгиликтерди каалады.

Связанный пост