Кыргызстандыктар үчүн чет өлкөдө 100 шайлоо тилкеси ачылат

 Кыргызстандыктар үчүн чет өлкөдө 100 шайлоо тилкеси ачылат

Кыргызстандыктар үчүн чет өлкөдө 100 шайлоо тилкеси ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмаз Байбосов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөдө 100 шайлоо тилкесинин ачылышы буга чейин өлкө тарыхында болуп көрбөгөндүктөн, бул рекорддук сан болууда.

“Мурунку шайлоолорго салыштырмалуу азыр чет өлкөдө шайлоо тилкелери дээрлик эки эсеге көп ачылып жатат. Мурда депутаттарды шайлоодо 59 шайлоо тилкеси ачылса, быйыл чет өлкөдө 100 шайлоо тилкесин ачуу боюнча сунушубузду БШК, жетекчилик колдоого алып, бул багытта иштер улантылууда. Россияда мекендештер көп болгондуктан, 100 шайлоо тилкесинин 40 пайызы Россиянын аймагында ачылмакчы. Алсак, Москва шаарында 7, Екатеринбург, Красноярск, Новосибирск шаарларында экиден тилке ачып жатабыз. Андан башка шаарларда бирден шайлоо тилкеси ачылууда. Андан кийинки эле биздин көп сандаган мекендештер Турция, Казакстан, АКШ, Корея өлкөлөрүндө болгондуктан ал жакта да шайлоо тилкелери ачылууда. Мисалы, Турцияда 8, Казакстанда 7, АКШда 6, Кореяда 4, Италияда 3 шайлоо тилкеси ачылып жатат”,- деди Байбосов.

Андан тышкары, экиден тилке Германияда, Кытайда, Бириккен Араб өлкөлөрүндө жана Сауд Арабиясында ачылып жаткандыгы кошумчаланды.

“Биздин калган чет өлкөлүк мекемелерде бир тилкелер ачылып жатат. Бүгүнкү күнгө министрлик тарабынан иш планыбыз бекитилген. Ошол иш пландын алкагында шайлоо тилкелерин түзүү боюнча дипломаттар айтылган шаарларга барып, чет элдик жергиликтүү өнөктөштөр менен сүйлөшүп, тилкелерди ачуу прцесси аяктап калды. Бүгүнкү күнгө 100 шайлоо тилкесинин 99 тилкеси бекитилди. Биздин берген даректер менен бул чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелерин БШК бекитип берди. Азыр Алматы шаарындагы шайлоо тилкесин күтүп жатабыз, жакынкы арада бул иш да бүтөт”,- дейт ал.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост