Кыргызстандагы бардык жеке менчик автомектептер жабылат
			
    Кыргызстандагы бардык жеке менчик автомектептер жабылат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев 2025-жылдын үлгүсүндөгү жаңы муундагы биометрикалык жарандык паспорттордун бет ачары учурунда билдирди.
Анын айтымында, айдоочулук билим берүү системасын реформалоонун алкагында айдоочуларды даярдоону толугу менен мамлекеттин көзөмөлүнө өткөрүү пландалууда.
“16 жаштан жогорку мектеп окуучулары муниципалдык мектептерде, ал эми чоңдор мамлекеттик автомектептерде окутулат”, – деп белгиледи Туманбаев.
Буга чейин бийлик өкүлдөрү айдоочуларды даярдоонун сапатына көзөмөлдү күчөтүү жана жол коопсуздугун жогорулатуу зарылдыгын байма-бай айтып келишкен.