Кыргызстанда инсулин шприцтерин өндүрүү кеңейүүдө
			
    Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиковдун айтымында, РКӨФ КМШдагы 0,5 мл инсулин шприцтерин чыгаруучу жалгыз ата мекендик компанияга жаңы каржылоо берди.
Анын айтымында, 350 миң долларлык насыя өндүрүштү кеңейтүүгө жана заманбап жабдууларды сатып алууга багытталган. Бул компаниянын кубаттуулугун бир нөөмөттө 300 миңден 500 миңге чейин көбөйтөт жана ага ири экспорттук келишимдерди аткарууга мүмкүндүк берет.
“Компания Кыргызстандын жана Евразия экономикалык биримдигинин башка өлкөлөрүнүн саламаттыкты сактоо системалары үчүн 2, 5, 10 жана 20 мл шприцтерди чыгарат. Биз алар менен 2016-жылдан бери иштешип келе жатабыз жана быйыл өнөктөш банкыбыз O! Bank аркылуу 500 миң долларлык биргелешкен долбоорду ишке ашырып жатабыз. Модернизациядан кийин компания ар кандай түрдөгү болжол менен 500 миллион шприц чыгара алат”, – деди Артем Новиков.
Бул компаниянын фонд тарабынан колдоого алынган төртүнчү долбоору. РКӨФ мурда ишкананы модернизациялоону 2016, 2018 жана 2020-жылдары каржылаган.
Фонддун төрагасы мындай стратегиялык маанилүү өндүрүштүк жайларды колдоо РКӨФ үчүн артыкчылыктуу багыт экенин баса белгиледи.
“Биз муну жогорку технологиялуу өндүрүштү өнүктүрүүгө, экспорттук потенциалды чыңдоого жана Кыргыз Республикасынын президенти жана министрлер кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан импортту алмаштыруу саясатын ишке ашырууга түздөн-түз салым катары карайбыз. Бул ошондой эле өлкөнүн медициналык эгемендүүлүгүн камсыз кылуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат”,-деди Новиков.