Эмгек министрлиги жарандарга 63 млн сом кенемте жана 9,6 млн сом айлык акысын өндүрүп берди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарга 63 млн сом кенемте жана 9,6 млн сом айлык акысын өндүрүп берди.
Министрликке караштуу Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча кызматынын отчетуна ылайык, 2025-жылдын III кварталында өндүрүштөгү бузуулар жана кырсыктардын саны өскөн.
Контролдук ишмердүүлүк Эл аралык эмгек уюмунун конвенциясына ылайык жүргүзүлүп, министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
Кызматтын маалыматы боюнча, 2025-жылдын тогуз айында инспекторлор тарабынан 935 текшерүү жүргүзүлүп, 1009 мыйзам бузуу аныкталган. Үчүнчү чейректе алардын саны жыл башындагыга салыштырмалуу дээрлик төрт эсеге өскөн.
Ошондой эле ушул мезгил аралыгында жумуш берүүчүлөргө 1 320 көрсөтмө берилип, 6,37 млн сом айып салынган, анын ичинен 4,67 млн сому төлөнгөн. Эмгек коопсуздугу тармагында 123 кырсык катталып, 135 адам жабыркаган, алардын 51и каза болгон. Оор жаракаттардын саны 32ден 21ге чейин кыскарды.
Контролдук иш-чаралардын жүрүшүндө кызматкерлерге 63,1 млн сом компенсация жана 9,6 млн сом төлөнбөгөн эмгек акы төлөнүп берилди . Мындан тышкары, инспекторлор 73 соттук отурумга катышып, 169 окуу иш-чарасын өткөрүп, 1345 кайрылууну карап, 4364 оозеки консультация беришти.