Кыргызстан 6 социалдык мааниге ээ азык-түлүк менен өзүн өзү камсыз кылат
Кыргыз Республикасынын 9 айына карата өлкөнү азык түлүк менен камсыздоодо 9 социалдык мааниге ээ азык түлүктүн 6 түрү менен Кыргызстан өзүн өзү камсыздайт.
Алар:
-Картошка
-Сүт
-Эт
-Жашылча жемиштер
-Жумуртка
-Кумшекер
Калган 3 продукциянын айрым бөлүгү импорттун эсебинен камсыздалат.
Алар:
-Нан азыктар (дан азыктары)
-Өсүмдүк майы
-Мөмө-жемиштер
2024-жылдан тартып кумшекер менен өзүбүздү өзүбүз камсыздай баштадык. Ага чейин ал дагы импорттун эсебинен камсыздалып келген. Эт боюнча Кыргызстан өзүн уй эти, кой эти менен 100% ашыгыраак камсыздайт. Тоок эти боюнча толук кандуу камсыздоо иштери жигердүү жүрүп жатат.
Ал эми этке болгон баа, коңшу өлкөлөрдө (Өзбекстан, Тажикстан) кыйла жогору. Ошондуктан, убагында дыйкан-фермерлер жогорку киреше табуу максатында аталган продукцияны экспорттоп келишкен.
Бирок, эттин баасын туруктуу кармоо максатында мамлекет тарабынан өз убагында тиешелүү чаралар көрүлүп, эттин экспортуна тыюу салынган жана баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилген.
Ошол эле учурда, өлкө ичинде тоок жумурткасынын өндүрүшү жогорулагандан улам, жумуртканын импортуна тыюу салынган. Азыркы учурда Кыргызстан тоок жумурткасы менен өзүн өзү камсыздагандан сырткары, аны экспортко да чыгарууга жетишкен. Мисалы: 2025-жылдын август-январь айларында 3 млн 300 миң даана жумуртка экспортко чыккан.
Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай, Суу ресуртсары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөнүн азык түлүк коопсуздугуна (продукциянын көлөмүнө) жооп берет. Бул жатта (көлөмүндө) эч кандай көйгөйлүү маселе жок.