Ишкердикти өнүктүрүү фонду мал алууга берилүүчү насыянын көлөмүн жогорулатты
Ишкердикти өнүктүрүү фонду мал сатып алуу үчүн берилүүчү насыялардын чегин жогорулатты. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, мурда мал сатып алуу үчүн берилүүчү насыянын максималдуу суммасы 2 млн сомго чейин болгон. Учурда 3 млн сомго чейин көбөйтүлдү.
Ошондой эле асыл тукум мал сатып алуу үчүн ишкерлер 5 млн сомго чейин насыя ала алат.
Агронасыя боюнча жылдык пайыздык чен 16%, ал эми насыянын мөөнөтү — 60 айга чейин.
Насыялар ишкерлерге, мал чарбачылыгы менен алектенген жарандарга берилет.
Ошону менен катар жеке ишкер же патенти жок, бирок мал багуу менен алектенген адамдар да 500 миң сомго чейин насыя ала алат. Ал үчүн колунда ветеринардык маалымкат (малдын бар экендиги тууралуу) болушу керек.
Мындан тышкары, сарай куруу үчүн 3 млн сомго чейин каражат алуу мүмкүнчүлүгү бар.
Кошумчалай кетсек, жеңилдетилген бюджеттик насыялар ишкерлерди колдоо максатында берилүүдө.
Маалымат алуу үчүн фонддун колл-борборуна 0559 956 799 телефон номери аркылуу кайрылуу керек.