Кыргызстандын ак ниет ишкерлер реестрине он компания кирди
КР Соода-өнөр жай палатасы ак ниет ишкерлердин реестринин түзүлгөндүгүн жарыялады, ага тандоо 2025-жылдын 29-сентябрында болгон.
Ведомство билдиргендей, тандоо жол-жобосу министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген ак ниет ишкерлердин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлдү.
Компанияларды реестрге киргизүү жөнүндө чечим Соода-өнөр жай палатасынын буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия тарабынан кабыл алынган.
Реестрге төмөнкү компаниялар киргизилди:
- “Маткасымов” ЖЧК;
- “ДиДжи” ЖЧК;
- “Грант Торнтон” ЖЧК;
- “БАРБОЛ” ЖЧК;
- “АЙБИЭС МА” ЖЧК;
- “Компания Медовая Артель” ЖЧК;
- “Куликовский” Кондитердик Үйү” ЖЧК;
- “Мэри Клуб” ЖЧК;
- “Умай Групп” ЖЧК;
- “Сокс Мастер” ЖЧК.
Ак ниет статусун алган ишкерлер бизнесин колдоо жана өнүктүрүүгө багытталган бир катар жеңилдиктерге жана артыкчылыктарга ээ болушат:
- мамлекеттик телеканалдардан жарнама жайгаштыруу үчүн акысыз эфир убактысын берүү;
- салык жана бажы кызматтарын алууда кезексиз тейлөө;
- Кыргызстандын атынан эл аралык көргөзмөлөргө, жарманкелерге жана форумдарга акысыз катышуу;
- мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын пландык текшерүүлөрүнөн үч жылга бошотуу (салыктык текшерүүлөрдөн тышкары);
- мамлекеттик кредиттөө программаларынын алкагында жеңилдетилген каржылоого жеткиликтүүлүк.
Соода-өнөр жай палатасынын реестрди түзүү жоопкерчиликтүү бизнести жүргүзүүнү кубаттоого, кыргыз компанияларынын ишкердик беделин жогорулатууга жана өлкөдө ак ниет атаандаштык маданиятын өнүктүрүүгө багытталганын белгилейт.