Улуттук банк эсептик ченди 10 пайызга чейин жогорулатты

 Улуттук банк эсептик ченди 10 пайызга чейин жогорулатты

Улуттук банк башкармалыгы 27-октябрда эсептик ченди 75 базистик пунктка, 10 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды.

Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, мындай чечим 28-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Маалыматка ылайык, өлкөдө инфляция 2025-жылдын башталышынан тартып 6,2 пайызды, жылдык мааниде – 8,4 пайызды түзгөн. Керектөө бааларынын индексинин түзүмүндө азык-түлүк товарлар тобунан инфляциялык таасирдин тышкы чөйрөдөгү тобокелдиктер балансынын өзгөрүүсү менен шартталган азык-түлүктөн башка товарларга жана кызмат көрсөтүүлөр жагына жылышы байкалууда. Өлкөдө инфляциянын учурдагы деңгээлине тышкы рыноктордо энергоресурстарды сунуштоонун чектелиши жана туруктуу керектөө суроо-талаптарынын сакталышы менен бирге кызмат көрсөтүү секторунун айрым сегменттеринде коромжулардын наркынын өсүшү таасирин тийгизүүдө.

“Кыргызстандын экономикасынын өсүш арымынын жогору болушу өлкөдөгү керектөөчүлүк жана инвестициялык активдүүлүктүн жогорулашы менен шартталган – 2025-жылдын тогуз айында реалдуу ИДӨ 10 пайызга өстү. Өлкө экономикасында негизги капиталга инвестициялар негизинен ички каржылоо булактарын кеңейтүүнүн натыйжасында көбөйгөн, натыйжада курулуш секторунун өсүшүнө олуттуу салым кошкон. Мында активдүү фискалдык саясаттын жыйынтыгында калктын кирешелеринин көбөйүшү, ошондой эле өлкөгө акча которуулардын агымынын өсүшү ички суроо-талаптын жогорулашынын негизги факторлору бойдон калууда”, – деп айтылат маалыматта.

Улуттук банктан белгилешкендей, жалпысынан акча-кредит шарттары өлкөдө макроэкономикалык туруктуулукту сактоого өбөлгө түзүүдө. Ички валюта рыногунда туруктуулук сакталып турат. Акча рыногундагы пайыздык чендер каражат топтоонун ыңгайлуулугу менен кредиттик ресурстардын жеткиликтүүлүгүнүн ортосундагы тең салмактуу катышты камсыз кылууда. Өлкөнүн банк сектору тышкы тобокелдиктерге туруктуу бойдон калууда жана экономиканы кредиттөөнү кеңейтүү шарттарын түзүү менен улуттук валютада жогорку деңгээлдеги ликвиддүүлүккө ээ.

Тышкы чөйрө дүйнөлүк соода эрежелеринин өзгөрүшүнө жана глобалдык экономиканын бытырандылыгына байланыштуу геосаясий тобокелдиктердин жогорулашы алкагында жогорку деңгээлдеги белгисиздик менен мүнөздөлөт, бул энергоресурстарга жана азык-түлүккө дүйнөлүк баанын туруксуздугуна алып келет жана бул өз кезегинде ички бааларга да таасирин тийгизет. Мында керектөө суроо-талабынын жогорулашынын жана тарифтик саясатты пландуу кайра кароонун өлкөдөгү инфляция деңгээлине тийгизген таасири күтүүлөрдүн чегинде орточо деңгээлде бааланат. Бүгүнкү күндө көбүнчө тышкы жагдайлар жакынкы келечекте Кыргызстандагы инфляциянын траекториясы үчүн туруксуздукту жаратат жана акча-кредит саясатын жүргүзүүдө кыйла кылдат мамилени талап кылат.

Бул шарттарда инфляциянын тышкы жана ички факторлоруна баа берүүнү, ошондой эле Улуттук банктын келечекке багытталган акча-кредит саясатын эске алуу менен эсептик чендин өлчөмү 10 пайызга чейин жогорулатылды. Кабыл алынган чечим орто мөөнөттүү келечекте баа динамикасынын 5-7 пайыз максаттуу диапазонунда калыптанышына өбөлгө түзөт.

Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүүдө тең салмактуулук ыкмасына таянуу менен иш алып барат жана инфляциянын түптөлгөн тышкы жана ички факторлоруна баа берүүнү улантууда. Баа туруктуулугуна карата кандайдыр бир тобокелдиктер орун алган учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка корректировкаларды киргизиши мүмкүн.

Белгиленгендей, Улуттук банк башкармалыгынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки пландык отуруму 2025-жылдын 24-ноябрында өтөт.

Связанный пост