Садыр Жапаров: Мамлекет жарандардын жашоо-шарттарын жакшыртууга бардык күч-аракетин жумшайт
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган “Асман Резиденс-4” турак жай комплексинин ачылыш салтанатына катышты.
“Асман Резиденс-4” Сузак районунун Ленин айылында жайгашкан. Комплекс тогуз кабаттуу 12 турак жай блогунан турат, аларда 945 батир бар. Жер астында 172 жана жер үстүндө 514 орундуу унаа токтотуучу жай, ошондой эле балдар аянтчасы жана воркаут-зона каралган.
Президент өз сөзүндө жарандарды жеткиликтүү жана ыңгайлуу турак жай менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясат жигердүү жана ырааттуу ишке ашырылып жатканын белгиледи.
«Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК мамлекеттик турак жай саясатынын борбордук институту жана жеңилдетилген ипотекалык батирлерди берүү механизмдерин өнүктүрүүнүн негизи болуп калды.
Президент үстүбүздөгү жылдын 9 айында үйгө муктаж болуп, кезекке турган жана үлүштүк курулуш механизми менен 50%ын берген 3 621 жаранга батир берилгенин баса белгиледи.
“Мамлекеттик ипотекалык компаниянын” уставдык капиталы – 2015-жылы 10 млн сомду түзсө, быйыл ал 87,5 млрд сомго чейин өстү.
Үй алуу үчүн арыздарды кабыл алуу санариптештирилип, “Түндүк” мобилдик тиркемесинин ишке киргизилиши кезектин автоматташтырылышына жана коррупциялык тобокелдиктерден арылууга өбөлгө түздү.
Азыркы учурда 13 миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болуп, дагы 69 миңден ашык жаран мамлекеттик программалардын алкагында үй алуу үчүн өз кезегин күтүп жатышат”, – деди Мамлекет башчысы.
Ал “Мамлекеттик ипотекалык компания” мамлекеттин жеткиликтүү турак жай системасынын натыйжалуу жана туруктуу моделин көрсөтүп, миңдеген муктаж жарандарыбызды үй менен камсыз кылып, экономикалык өсүштү жана инфратүзүмдүн өнүгүшүн стимулдаштырып жатканын белгилеп өттү. Жетишилген жыйынтыктар мамлекеттик турак жай саясатынын негизи катары стратегиялык маанисин далилдеп турат.
Мамлекет башчысы комплекстин курулушуна катышкан бардык адистерге ыраазычылык билдирди.
“Биз мындан ары да “өлкөбүздө муктаж болгон ар бир үй-бүлө өзүнүн баш калкасына, уюткулуу очогуна ээ болсун” деген жакшы тилек менен ишибизди улантабыз, бул багытта жаңы долбоорлорду ишке ашырабыз. Мамлекет жарандардын жашоо-шарттарын жакшыртууга бар күч-аракетин жумшайт. Турак жай курулушу боюнча стратегиялык пландар узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ, заманбап жана ыңгайлуу турак жай объектилери келечекте да курула бермекчи”, – деп белгиледи Президент.
Иш-чаранын соңунда Садыр Жапаров Манас шаарындагы М. Бабкин атындагы №1 мектептин мугалими Сейдеке Эргешовага жаңы батирдин ачкычын тапшырды.
Андан соң Мамлекет башчысы турак жай комплексинин инфраструктурасы менен таанышып, батирлерди көрүп чыгып, жашоочулар менен баарлашып, аларды жаңы конушу менен куттуктады.