Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы “Кара-Көл” ГЭСин ишке киргизди
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө “Кара-Көл” ГЭСинин расмий ачылыш аземине катышты.
Гидроэлектростанция Кара-Суу дарыясынын Нарын дарыясына куйган жеринде, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын аймагында курулган. Станциянын жалпы орнотулган кубаттуулугу 18 МВт болгон эки гидроагрегаты бар.
Электр энергиясын жылдык орточо өндүрүү 104 млн кВт∙саатты түзөт, бул өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын болжол менен 2,5%га азайтууга жана Кара-Көл менен Токтогул ГЭС Каскадын электр энергиясы менен камсыздоо ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Долбоор ата мекендик инвестор – «Жагалмай» ЖЧКсы тарабынан 25 млн АКШ долларына ишке ашырылган, ГЭС 15 жылдык пайдалануудан кийин мамлекетке өткөрүлүп берилет.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө “Кара-Көл” ГЭСин ишке киргизүү Кыргызстандын энергетика тармагынын тарыхындагы маанилүү окуялардын бири экенин баса белгиледи.