Пекинде Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуу артыкчылыктары боюнча брифинг өттү

Пекин шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) катчылыгында Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева 2025–2026-жылдардагы ШКУдагы Кыргызстандын төрагалыгынын артыкчылыктары боюнча брифинг өткөрдү.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев, уюмга мүчө мамлекеттердин, байкоочу жана диалог өнөктөш мамлекеттеринин 25тен ашуун элчилери жана жогорку даражалуу дипломаттары, КЭР Тышкы иштер министрлигинин, Кытай ЖМКларынын өкүлдөрү жана башка коноктор катышты.

Брифингдин башында ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев сөз сүйлөп, ШКУнун катчылыгы кыргыз тарапка төрагалык мезгилинде бардык зарыл колдоону көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Өз сөзүндө элчи Мусаева Кыргызстандын төрагалык артыкчылыктары, анын ичинде быйыл жана кийинки жылы Кыргызстанда ШКУ алкагында өткөрүлө турган жолугушуулар жана иш-чаралар тууралуу маалымат берди. Элчи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ШКУ саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын төрагалыгынын ураанын белгилегенин баса белгиледи: «ШКУнун 25 жылдыгы: туруктуу тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өсүүгө бирге».

Элчи ШКУ алкагындагы коопсуздук, экономикалык өнүгүү, санариптештирүү, экология жана туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтык, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү боюнча пландар жөнүндө кенен маалымат берди.

А.Мусаева 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин илгерилетүү маселесине өзгөчө көңүл бурду. Элчи Кыргызстан үчүн бул жөн гана дипломатиялык максат эмес, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөөгө, диалогду жана адилеттүүлүктү өнүктүрүүгө болгон даярдыктын көрүнүшү экенин белгиледи.

Ошондой эле, Мусаева 2026-жылы Кыргызстанда VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүү жөнүндө маалымат берди.

Климаттын өзгөрүшү темасына кайрылып, Мусаева 2022-жылы Кыргызстан БУУ Башкы ассамблеясында «Тоолордун туруктуу өнүгүүсү үчүн аракеттердин беш жылдыгы» резолюциясын демилгелегенин билдирди. Анын жыйынтык этабы катары 2027-жылы «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммити өткөрүлмөкчү. Бул маанилүү иш-чарага Кыргызстандын өнөктөштөрүн активдүү катышууга чакырды.

Мындан тышкары, брифинг 23-октябрь жыл сайын «Ак илбирс эл аралык күнү» катары белгиленери эскерилген күнү өттү.

Связанный пост