Касымалиев Кыргызстандын Бавария жана Тюрингиядагы консулу менен кызматташтыкты талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Бавария жана Тюрингиядагы Ардактуу башкы консулу, кыргыз-герман Ишкердик кеңешинин герман тарабынан тең төрагасынын орун басары Райнхольд Крэммел менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле 2025-жылдын ноябрь айынын аягында Берлин шаарында өтө турган бизнес-форумга жана Ишкердик кеңештин жыйынына даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.

Адылбек Касымалиев эки тараптуу экономикалык мамилелердин оң динамикасын белгилеп, Ардактуу консулдар институтунун ишкердик байланыштарды чыңдоодогу, инвестицияларды тартуудагы жана Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы ишкердик активдүүлүктү өнүктүрүүдөгү маанисин баса белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле Чолпон-Ата шаарында өткөн бизнес-форумдун жыйынтыгында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы узак мөөнөттүү долбоорлорго жол ачкан кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюлганын эске салды. Жолугушуунун жүрүшүндө кесипкөй кадрларды даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар билим берүү тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин, анын ичинде тейлөө чөйрөсүндө кадрларды даярдоо жана техникалык адистиктерге окутуу маселелерин талкуулашты. Кесиптик билим берүү жана адамдык капиталды өнүктүрүү, ошондой эле Германиянын муктаждыктары үчүн кадрларды даярдоо кыргыз-герман өз ара аракеттенүүсүнүн артыкчылыктуу багыты болуп кала берери баса белгиленди.

Райнхольд Крэммель конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, “өнөктөштүктү өнөр жай жана билим берүү тармактарында гана эмес, туризм жана HoReCa чөйрөсүндө да кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар экенин” белгиледи.

Ал Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш мүмкүнчүлүктөрү бар экенин, ал эми Германия туруктуу туристтик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана бул тармактагы адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн тиешелүү билим берүү программаларын түзүүгө даяр экенин кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда Адылбек Касымалиев Ардактуу консулга жана Ишкердик кеңештин германдык бөлүгүнүн мүчөлөрүнө экономикалык диалогду өнүктүрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстан инвестиция үчүн ачык экенин жана өлкөдө долбоорлорду ишке ашырып жаткан чет элдик өнөктөштөргө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы Берлинде өтө турган иш-чаралар кыргыз-герман өнөктөштүгүнүн өнүгүшүнө жаңы импульс берип, өз ара пайдалуу байланыштарды чыңдоого дагы бир кадам болоруна ишенимин билдирди.

Связанный пост