Тоо-кен тармагы Кыргызстандын ИДПсынын 9,5 пайызын түзөт

Тоо-кен тармагы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 9,5 пайызын түзөт, деп билдирди Дүйнөлүк банктын маалыматтарды чогултуу боюнча консультанты Аркадий Рогальский.
Ал инвестициялардын 41,2 пайызы тоо-кен тармагына туура келерин жана бул тармак өнөр жайдын көлөмүнүн 56,5 пайызын ээлей турганын белгиледи.
Рогальскийдин айтымында, Кыргызстанда Тоо-кен тармагынын ачыктыгы боюнча демилгенин тарыхы 2004-жылдан башталып, 2010-жылдагы өкмөттүн токтомунун негизинде жүргүзүлүп келет.
“Кыргызстанда Тоо-кен тармагынын ачыктыгы боюнча демилгенин жарандык коом үчүн артыкчылыгы – ал ишенимдүү жана жеткиликтүү маалыматты берет, ал эми байкоочу кеңеш өкмөт жана компаниялар менен туруктуу консультацияларды жана үзгүлтүксүз диалогду жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Өкмөт үчүн бул мамлекеттик башкаруунун ачыктыгына, коррупция менен күрөшүүгө берилгендикти, тоо-кен тармагынын кирешелүүлүгүнө жана бюджеттик пландаштырууга көз карандысыз баа берүүнү камсыз кылат”, – деди эксперт.
Булак “Кабар” агенттиги