Бишкекте ипотекалык үйлөрдүн 1-кабатында окуу класстар ачылды
Мамлекеттик ипотекалык компания курган “Мурас” турак комплексиндеги турак жайлардын биринчи кабатында окуу класстары ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, филиал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Бишкек мэриясынын координациясы менен шаардагы мектептердин ашыкча толуп кетишин азайтуу максатында ачылды.
Турак үйлөрдүн биринчи кабаттарында окуу класстарынын уюштурулушу жаңы мектептер курулгучакты жакынкы билим уяларындагы жүктү азайтууга мүмкүндүк берет.
Долбоордун алгачкы объектиси №40 мектептин филиалы болду. Бул жерде 5-9-класстардын окуучулары үчүн бардык шарттар түзүлдү. Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан берилген имараттар 1000 балага ылайыкташкан, окуу эки нөөмөттө өтөт.
Сабактардан тышкары, мектепте шахмат, тогуз коргоол, кол өнөрчүлүк, сүрөт тартуу ийримдери да иштейт. Бул окуучуларга билим алуу менен бирге таланттарын жана кызыкчылыктарын өнүктүрүүгө өбөлгө болмокчу.
Филиалдын иши менен таанышкан мэр Айбек Жунушалиев пилоттук долбоор борбор калаанын башка райондору үчүн жакшы мисал боло аларын белгилеп, методикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу тапшырмасын берди.