Психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациянын жобосу бекитилди

 Психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациянын жобосу бекитилди

Министрлер кабинети психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация жөнүндө типтүү жобону бекитти.

Кабыл алынган токтом акыл-эсинин жана дене боюнун өнүгүүсүндө бузулуулары бар балдар, ошондой эле оор оорулары бар балдар үчүн жалпы билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, аларды окутуу үчүн шарттарды түзүү жана зарыл болгон психологиялык-педагогикалык, медициналык жана социалдык колдоону көрсөтүү максатында иштелип чыккан.

Типтүү жобону кабыл aлуу КР Конституциясында жана улуттук мыйзамдарда кепилденген, анын ичинде майыптыгы бар бшдарды да камтыган, ар бир жаран үчүн жеткиликтүү, сапаттуу жана инклюзивдүү билим алууга болгон укукту ишке ашырууга багытталган.

Бул Кыргызстандын билим берүү тармагындагы Улутryк приоритеттерине жана 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына (ТӨМ) шайкеш келет. Типтүү жобо менен бул шилтемеден толук таанышса болот.

Связанный пост