Камчыбек Ташиев Кемин районунун тургунуна үч бөлмөлүү үйдүн ачкычын берди
Бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облусунун Кемин районунун Кайыңды айылынын 42 жаштагы тургуну Мирбек Кадыралиевге 3 бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырды.
УКМКдан белгилешкендей, Мирбек Кадыралиев былтыр оор жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгүн оңдоп жатып, жарылуудан улам бир колунан ажыраган. Буга байланыштуу иштөөгө мүмкүнчүлүгү болбой, каражат жагынан кыйынчылыктар жаралган. Үй-бүлөсү менен батирлеп жашап, жаңы тамын бүтүрүүгө шарты болгон эмес. Мамлекеттен жардам катары пенсия алууга да эмгек стажы жетпей калган.
3 баланын атасы Мирбек Кадыралиев социалдык тармак аркылуу президент Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге 25-августта жардам сурап кайрылган.
Өлкө башчысы жеке өзүнүн тапшырмасынын негизинде Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүндө жаңы тамдын курулушу башталган. 3 бөлмөлүү там бир айдын ичинде бүткөрүлдү.
Камчыбек Ташиев Мирбек Кадыралиевге бекем ден соолук каалап, жаңы ак өргөсү менен куттуктады. Үй ээлери президентке жана УКМК жетекчисине ыраазычылыктарын айтышты.
Камчыбек Ташиев үй тапшыруу аземинен соң, Кайыңды айылынын тургандары менен жолугуп, жергиликтүүлөрдүн көйгөйлөрүн укту.