Президент БА өлкөлөрүнүн жана Индиянын коопсуздук боюнча өкүлдөрүн кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда Борбор Азия өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларын жана Индиянын премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисин кабыл алды.

Жолугушууда аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жана актуалдуу коркунучтар менен чакырыктарга каршы туруу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы учурда чыңалган эл аралык кырдаалда туруктуу өнүгүү үчүн эң ириде, бардык мамлекеттер менен тынч жана достук мамилелерди сактоо абдан маанилүү экенин баса белгиледи. Ал эми терроризм жана экстремизм менен катар, мыйзамсыз миграция жана киберкоопсуздук сыяктуу трансулуттук тобокелдиктер да өлкөлөрдүн саясий туруктуулугуна коркунуч жаратып келет.

“Мындан улам трансулуттук мүнөзгө ээ болгон терроризм менен натыйжалуу күрөшүү биргелешкен аракеттер аркылуу гана жүрүшү мүмкүн”, – деди Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле биргелешкен аракеттерибиздин негизин түзө турган бир нече багыттарды белгилеп өттү. Анын ичинде терроризм жана экстремизм менен күрөшүүгө басым жасоо, трансулуттук кылмыштуулукка жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу, киберкоопсуздук жаатында координацияланган жооп кайтаруу, ошондой эле жаштар жана калк арасында агартуу жана билим берүү программалары бар.

Өз кезегинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчылары жана Индиянын премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси эки жана көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле азыркы шартта “Борбор Азия – Индия” форматындагы диалогго суроо-талап бар экенин белгилешти.

Коопсуздук кеңештеринин башчылары коопсуздук жаатындагы маселелерди чечүүдө координацияланган ыкманы иштеп чыгуу зарылдыгын да баса белгилешти.

Связанный пост