Өлкөдө балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча маалымат кербени башталды

 Өлкөдө балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча маалымат кербени башталды

Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча маалымат кербени башталды. Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Катчылыгы Балдарды коргоо борбору менен биргеликте уюштуруп жаткан иш-чара үстүбүздөгү жылдын 24-октябрына чейин уланат.

Пландаштырылган иш-чаралардын максаты – балдарда инсан катары өзүн-өзү сыйлоого негизделген активдүү жашоо позициясын калыптандыруу жана балдарга карата зордук-зомбулукка жол бербөө боюнча БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин акыркы сунуштарын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында үй-бүлөдө жана билим берүү чөйрөсүндө позитивдүү тарбиянын натыйжасында башкаларга урмат көрсөтүү.

Бул иш-чара Бишкек шаарындагы № 101 орто мектепте Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева жана Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачеванын катышуусунда башталды.

Маалымат кербенинин жүрүшүндө “Балдардын коопсуздугу үчүн күч-аракеттерди бириктирели” аталышындагы маалыматтык-билим берүүчү иш-чарада – мугалимдер, ата-энелер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен зомбулуктун алдын алуу жана балдарды коргоонун тутумун бекемдөө боюнча практикалык кадамдарды талкууланды, баланы тарбиялоо боюнча практикалык көнүгүүлөр жана ата-эне менен баланын мамилесин чыңдоо боюнча психологиялык консультациялар болду.

Иш-чаранын планына ылайык, иш-чаралар Ысык-Көл облусунун Түп жана Жети-Өгүз райондорундагы жалпы билим берүү мекемелеринде өткөрүлөт.

Связанный пост