Кыргызстан менен Япониянын ортосунда кош салык салууну жоюу пландалууда
6-9-октябрда Бишкекте Кыргызстан менен Япониянын расмий делегацияларынын ортосунда Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу долбоорун түзүү боюнча сүйлөшүүлөр өттү.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар макулдашуу долбоорунун жоболорун кеңири талкуулашты. Жыйынтыгында тараптар аталган документтин долбоорун принципиалдуу түрдө макулдашышты.
Макулдашууга ар бир тараптын мыйзамдарында каралган ички процедуралар толук аяктагандан кийин кол коюлат.
Бул макулдашуунун негизги максаты — эки өлкөдөгү чарбалык субъекттердин кирешелерине эки жолку салык салууну жоюу болуп саналат. Бул Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.
Мындан тышкары, мындай эл аралык макулдашуулар Кыргыз Республикасынын экономикасына түз чет элдик инвестицияларды тартуунун эффективдүү куралы болуп эсептелет.
Документ ошондой эле бир тараптын резиденттерин экинчи келишүүчү тараптын аймагында дискриминациялык салык салуудан коргоого, салыктарды төлөөдөн качуу жана макулдашуу жоболорун кыянат пайдалануу учурларынын алдын алууга, ошондой эле эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда маалымат алмашууну өнүктүрүүгө багытталган.