Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун кирешеси 5 млрд сомго чейин өстү

КР Социалдык фонду Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) 2025-жылдын январь-сентябрь айларындагы инвестициялык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.
2025-жылдын 9 айында Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун каражаттары ар кандай каржылык инструменттерге бөлүнгөн:
- мамлекеттик баалуу кагаздарга 12,90-16 пайыздык жылдык кирешелүүлүгү менен 9 млрд 378,4 млн.сом инвестициялаган;
- коммерциялык банктардын депозиттерине 12 жана 18 айлык мөөнөт менен 4 млрд105 млн сом өлчөмүндө жайгаштырылган, жылдык кирешелүүлүгү 12,1-13,5 пайыз болгон;
- 1 млрд 750 млн сом өлчөмүндө Кыргызстандын митенттеринин акцияларына жайгаштырылган.
Ошентип, отчеттук мөөнөттө бардыгы болуп 15 млрд 233,4 млн сом инвестицияланган.
2025-жылдын январь-сентябрь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
- жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 4 337,6 млн сом;
- депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 668,1 млн сом;
- МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 22,5 млн сом.
- башка кирешелер – 0,4 млн сом;
Бардыгы болуп 2025-жылдын январь-сентябрь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 5 0млрд 28,6 млн сом киреше алынган.