Шайлоого катышууну каалагандардын саны 200дөн ашты

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жөнүндө ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны 229га жетти. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.
БШК маалымдагандай, жарандардан арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. 10-ноябрда шайлоого катыша турган талапкерлердин үгүт иштери башталат.