Кыргызстан “Газпромго” каржылоону көбөйтүүнү жана газдын баасын сактоону сунуштады
Энергетика министри Таалайбек Ибраев “Газпром” ЖАКтын башкаруу комитетинин төрагасы Алексей Миллер менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Жолугушуу министрдин 7-10-октябрда Санкт-Петербургда өтө турган XIV эл аралык газ форумуна катышуусунун алкагында өттү.
Форумда жаратылыш газынын дүйнөлүк рыногунун өнүгүү тенденциялары, ошондой эле өзгөрүп жаткан экономикалык жана геосаясий контекстте эл аралык кызматташуунун келечеги талкууланууда.
Анда тараптар газ тармагындагы азыркы жана келечектеги кызматташууну талкуулашты. Тактап айтканда, Кыргызстанга россиялык газдын жеткирилиши жана “Газпром Кыргызстан” ишканасынын Кыргызстандын газ ташуу жана бөлүштүрүү системаларын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча аракеттери талкууланды. Ошондой эле газды камсыз кылуу боюнча инвестицияны көбөйтүү, күйүүчү жана майлоочу материалдар боюнча маселе көтөрүлдү.
Министр Ибраев мындан ары Кыргыз стандын калктуу конуштарын газдаштыруу боюнча чараларга жылдык каржылоо суммасын кеминде 1,5 млрд сомго көтөрүүнү, жаратылыш газнын баасын сактап калуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну, ошондой эле Кыргызстанда жаратылыш газын жеткиликтүүлүгүн үзгүлтүксүз камсыз кылууну сунуштады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары тереңдетүү жана республиканы жаратылыш газы менен камсыз кылууну күчөтүү боюнча макулдашты. Аны менен катар Кыргызстанды кыш мезгилинде газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү.
Маалымат үчүн: “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы “Газпром” ЖАКтын 100 пайыздык туунду компаниясы, Кыргызстанга жаратылыш газын эксклюзивдүү импорттоочу жана республиканын газды өткөрүү жана бөлүштүрүү тутумдарынын ээси.