Франциянын элчиси: Кыргызстан шайлоо процесси боюнча алдыңкы сапта турат

 Франциянын элчиси: Кыргызстан шайлоо процесси боюнча алдыңкы сапта турат

Күн мурун, 8-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушту.

Элчи БШКнын ишин жогору баалап, Кыргызстандын шайлоо процессинде колдонулган технологиялардын прогрессивдүү мүнөзүн белгиледи.

“Францияда шайлоолор дагы эле кол менен өткөрүлөт. Биз сиздердин тажрыйбаны кызыгуу менен изилдейбиз. Себеби Францияда шайлоолор дагы эле кол менен эсептөө ыкмасы менен өтөт», – деп баса белгиледи элчи.

Ошондой эле, ал Борбордук шайлоо комиссиясынын жүргүзүп жаткан иш-аракеттерин жана технологияларды колдонуудагы ийгиликтерин белгилеп өттү.

Связанный пост