Asman Airlines авиакомпаниясынын кирешеси 5 млн сомдон 546 миллионго чейин өстү

Кыргызстандын жаңы түзүлгөн мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы быйылкы жылы ийгиликтүү иш алып барды. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын жетекчиси Манасбек Самидинов бүгүн жарандык авиация кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосунда билдирди.
Анын айтымында, авикомпания жыл башынан бери жарым миллиондон ашык жүргүнчүлөрдү ташыды.
“Ал өлкөнүн бардык 11 аэропортун бириктирип, эл аралык каттамдарды өнүктүрүүгө киришти. Компаниянын командасы 158 адиске чейин жетип, анын кирешеси 5 млн сомдон 546 млн сомго чейин өстү. Улуттук кадрлардын авиацияга кайтып келиши өзгөчө маанилүү: эгерде мурда бизде бир кыргызстандык командир болсо, бүгүнкү күндө алардын саны тогузга жетип, ал эми 15тен ашык учкуч Австрияда, Эфиопияда жана Индияда окуудан өтүштү.
Asman Airlines авиапаркы үч учактан турат жана келерки жылы ал жаңы Airbus A320 жана төртүнчү Dash Q-400 менен кеңейтилет”, – деп белгиледи Самидинов.