Бир жумада дээрлик 24 миң жол эрежесин бузуу катталды

Кыргызстанда 29-сентябрдан 5-октябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 23 644 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, анын ичинде:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 1 349;
- мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 268;
- унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 204;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 892;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 948;
- авто ээнбаштык – 20;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 899;
- жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 11;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 142;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 911 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.