Касымалиев: Экономиканын өнүгүү темпин сактап гана тим болбостон, аны күчөтүү зарыл

Экономиканын өнүгүү темпин сактап гана тим болбостон, аны күчөтүү зарыл. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде билдирди.
Министрлер кабинетинин башчысы 2025-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 722 млрд 901 млн сомду түзгөнүн, бул пландаштырылган көрсөткүчтөн 23 млрд 810,7 млн сомго көп экенин, план 103,4 %га аткарылганын белгиледи. Мамлекеттик салык кызматынын салыктык кирешелери 211 млрд 971,9 млн сомду түзүп, планга салыштырмалуу 9 млрд 192,2 млн сомго көп болду (аткарылышы – 104,5 %). Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 102 млрд 146,4 млн сом салыктык кирешелер чогултулуп, план 2 млрд 417,9 млн сомго ашык аткарылды (аткарылышы – 102,4 %).
Салыктык түшүүлөрдүн бардык негизги категориялары боюнча туруктуу өсүш жана пландаштырылган көрсөткүчтөрдүн ашык аткарылышы белгиленүүдө. Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешменин жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин алдына бир катар маанилүү милдеттерди койду. Анын айтымында, Дүйнөлүк инвестициялар жөнүндөгү баяндамага ылайык, 2024-жылы дүйнөлүк түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 11 %га кыскарган.
Мындай шартта Кыргыз Республикасына түз чет элдик инвестициялардын агымы, тескерисинче, 22 %га көбөйүп, 1 млрд АКШ долларынан ашты. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 562,7 млн АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,7 %га көп болду. Жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча бардык инвестициялардын болжол менен 84 %ы Бишкек шаарына (42,7 %), Жалал-Абад (14,2 %), Талас (14,0 %) жана Чүй (12,8 %) областтарына туура келген.
Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке региондор боюнча түз чет элдик инвестициялардын агымын диверсификациялоо жана экономикалык өнүгүүнү бирдейлештирүү боюнча чараларды иштеп чыгуу үчүн деталдуу талдоо жүргүзүү тапшырылды.
Министрлер кабинетинин башчысы чакан жана орто бизнести колдоо приоритеттүү багыттардын бири экенин белгиледи. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча чакан жана орто ишкердик (ЧОИ) сектору негизги көрсөткүчтөр боюнча олуттуу өсүштү көрсөттү: ЧОИ субъекттери тарабынан өндүрүлгөн дүң кошумча нарктын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 42,1%га өсүп, 335,5 млрд сомду түздү; ЧОИнин ИДПдагы үлүшү 39,8%дан 47,3%га чейин көбөйдү; иштеп жаткан чакан жана орто ишканалардын саны 13,5%га өсүп, 19,1 миң бирдикти түздү; чакан жана орто ишканаларда иштегендердин саны 5,3%га көбөйүп, 607,8 миң адамды түздү.
Экономика жана коммерция министрлигине региондор боюнча чакан жана орто ишкердиктин өнүгүшүнө деталдуу талдоо жүргүзүү, каржылоого бирдей жеткиликтүүлүктүн жоктугу, тиешелүү инфраструктуранын жоктугу, бизнести жүргүзүү көндүмдөрү боюнча жана чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүдөгү региондук ажырымды кыскартуу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.
Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле мамлекеттик органдарга министрлер кабинетинин тескемеси менен бекитилген 2025-жылга карата социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баанын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашырууну күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.