Өлкөдө жыл соңуна чейин 100 соцобъекттин курулушун бүткөрүү пландалууда

 Өлкөдө жыл соңуна чейин 100 соцобъекттин курулушун бүткөрүү пландалууда

Учурда өлкөдө жалпы 283 социалдык объекттин курулуш иши кызуу жүрүүдө.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, курулуштар министрликтин көзөмөлүндө.

Анын ичинен:

  • Мектеп – 145;
  • Бала бакча – 74;
  • Спорт объекти – 34;
  • Саламаттык сактоо объекти – 11;
  • Маданият үйү – 5;
  • Административдик имарат – 14.

Аталган объектилер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин 2025-жылдын эсебинен 126 социалдык объект бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген.

Жыл соңуна чейин дагы 100дөй соцобъектинин курулушун бүткөрүү пландалууда.

Связанный пост