Ош жана Баткенде айрым шайлоо тилкелеринин дареги өзгөрдү

 Ош жана Баткенде айрым шайлоо тилкелеринин дареги өзгөрдү

Күн мурун Борбордук шайлоо комиссиясы Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Ноокат райондорунун, Сүлүктү шаарынын жана Баткен облусунун Кадамжай районунун айрым шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Ага ылайык, төмөнкү шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлдү:

  1. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Каарман айылындагы № 5610 шайлоо участогунун дареги Т. Арзыкулов 77-1 көчөсүндө жайгашкан Б. Азизов атындагы орто мектебинен Каарман айылынын Т. Арзыкулов, 66 көчөсүндөгү “Перизат” балдар бакчасынын имаратына өзгөртүлдү.
  2. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Асан-Чек айылындагы № 5611 шайлоо участогунун дареги Алимбек уулу Асанбек көчөсүндө жайгашкан № 33 III Интернационал орто мектебинин имаратынан Достук айылынын С. Турдукулов көчөсүндөгү “Достук-Наристе” балдар бакчасынын имаратына өзгөртүлдү.
  3. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Кыштак айылындагы № 5602 шайлоо участогунун дареги Ош, 72 көчөсүндө жайгашкан № 122 орто мектебинин имаратынан Кара-Кыштак айылынын Х. Ахраров көчөсүндөгү № 51 Ю. Гагарин атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү.
  4. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айылындагы № 5617 шайлоо участогунун дареги М. Абдрасулов, 7 көчөсүндө жайгашкан М. Заиров атындагы орто мектебинин имаратынан Папан айылынын М. Абдрасулов, 7 көчөсүндө жайгашкан М. Абдрасулов маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлдү.
  5. Ош облусунун Араван районуна караштуу Араван айылындагы № 5351 шайлоо участогунун дареги Ленин көчөсүндө жайгашкан Балдар чыгармачылык мектебинин имаратынан Араван айылынын М. Султанов көчөсүндө жайгашкан № 40 Ж. Абдрахманов атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү.
  6. Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Үч-Кемпир айылындагы № 5594 шайлоо участогунун дареги Каратаев, 90 көчөсүндө жайгашкан Беш-Тал орто мектебинин имаратынан Үч-Кемпир айылынын Үч-Кемпир-2, 49 көчөсүндө жайгашкан жеке менчик дүкөндүн имаратына өзгөртүлдү.
  7. Баткен облусунун Сүлүктү мэриясына караштуу № 8050 шайлоо участогунун дареги И. Раззаков, 109 көчөсүндө жайгашкан Сүлүктү борбордук китепкананын эски имаратынан И. Раззаков, 89 көчөсүндө жайгашкан Сүлүктү борбордук китепкананын жаңы имаратына өзгөртүлдү.
  8. Баткен облусунун Сүлүктү мэриясынына караштуу № 8053 шайлоо участогунун дареги Кирпичный завод, 12 көчөсүндө жайгашкан № 8 И. Бектемиров атындагы орто мектебинин имаратынан Кирпичный завод, 168 көчөсүндө жайгашкан “Жеткинчек” балдар бакчасынын имаратына өзгөртүлдү.
  9. Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Көк-Талаа айылындагы № 8117 шайлоо участогунун дареги И. Кааров, 2 көчөсүндө жайгашкан ФАП имаратынан Көк-Талаа айылынын У. Исаков, 3 көчөсүндө жайгашкан № 41 К. Саттаров атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү.

БШК тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына айыл өкмөттөр менен биргеликте жарандар арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөргөнү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Связанный пост