Өзгөндө мал базар мамлекетке кайтарылды
1,28 гектар аянтты ээлеген Өзгөн шаарындагы “Мал базары” мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында атайын кызмат тарабынан Өзгөн районунун аймагындагы жерлерди менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугуна текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Өзгөн шаарында жайгашкан 1,28 га жер аянтын “мал базары” үчүн мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Ал 2002-жылы жеке менчикке сатылып кеткен.
Мындан тышкары, 2018-жылы Кызыл-Дыйкан айылында жайгашкан жалпы аянты 0,70 гектар жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени аныкталган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында жогоруда аталган жер тилкелери ыктыярдуу түрдө Өзгөн шаарынын мэриясынын жана Жазы айыл аймагынын балансына акысыз өткөрүлүп берилди.
УКМК мурда мыйзам бузуу менен мамлекеттик менчиктен чыгарылган мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү аныктоо жана кайтаруу боюнча ишин улантууда.