Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы туруктуу бойдон калууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 1-октябрга карата Кыргызстанда жана Россия, Казакстандагы негизги азык-түлүк товарларына болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүздү.
Маалыматка ылайык, мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстанда жашылча-жемиштерге, айрыкча сабиз, пияз жана картошкага болгон баалар төмөндөгөнү белгиленди. Баалар:
- нан (1-сорттогу ундан) – 65,7 сом;
- сабиз – 50 сом;
- нан азыктары – 96,4 сом;
- ун (жергиликтүү, 1-сорт) – 35 сом;
- ун (импорттук, 1-сорт) – 44,2 сом;
- май (каймак) – 635,1 сом;
- май (өсүмдүк) – 151,8 сом;
- кумшекер – 76,7 сом;
- пияз – 31,6 сом;
- картошка – 39,4 сом;
- макарон (вермишель) – 75,7 сом.
Казакстандагы баалар:
- өсүмдүк майы – 180,2 сом;
- макарон – 91,7 сом;
- нан азыктары – 97,1 сом;
- сабиз – 32,8 сом;
- пияз – 26,4 сом;
- күрүч – 184 сом;
- пастерленген сүт – 104,5 сом.
Россиядагы баалар:
- өсүмдүк майы – 165,6 сом;
- макарон – 97,6 сом;
- нан азыктары – 136,8 сом;
- сабиз – 60,7 сом;
- пияз – 57,7 сом;
- күрүч – 168,4 сом;
- пастерленген сүт – 92,4 сом.